Жаңылыктар
ЕАЭБ сүт өндүрүү жана сатууда кошумча шарттарды киргизди
Экономика
ЕАЭБ сүт өндүрүү жана сатууда кошумча шарттарды киргизди

Фермерлер асыл тукумдуу малды көбөйтүп гана тим болбостон, сүт багытындагы уйду багууга өтүүдө. Анткени Кыргызстандын ЕАЭБке кириши менен экспортко жол ачылды. Жаңы техникалык регламентке ылайык, сүт өндүрүүдө жана сатууда айрым кошумча шарттар киргизилди.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жашоочуларын сапаттуу сүт азыктары менен камсыздоого багытталган жаңы талапка ылайык, эми ар бир өндүрүлгөн азыкта анын майлуулугу тууралуу маалымат көрсөтүлүшү керек. Мындай чечим Евразиялык экономикалык комиссиясынын кезектеги жыйынында кабыл алынды. Эми “Сүттүн жана сүт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламенттин талаптарынын аткарылышын биримдикке кирген ар бир өлкө көзөмөлгө алышы керек.

Комиссия иштеп чыккан программага ылайык, 2018-жылга чейин Евро биримдиктин сүт жана сүт азыктары боюнча техникалык регламенти үчүн бардыгы болуп 81 стандартты иштеп чыгуу каралган. Азыктардын майлуулугун көрсөтүү коюлган негизги талаптардын бири.

Кыргызстанда ири делген сүт заводдорунун саны 40 тан ашык болсо, алардын 12 си ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тизмесинде. Андыктан алардын көпчүлүгү жаңы жабдыктар жана заманбап технологиялар менен иштешет.

ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспортко чыга турган продукциялардын тизмесиндеги азыктардын басымдуу бөлүгүн сүт азыктары түзөт. Кыргызстандан жасалган сүт азыктары мурдатан эле Казакстан менен Орусияга өндүргөн продукцияларын эч кандай тоскоолдуксуз экспорт кылып келишсе, жакындан бери Өзбекстан, Тажикстан менен Кытай мамлекетине да чыгарыла баштады.

Сүт азыктарынын экспортко чыгышы экономикага пайда алып келет. Биринчиден ишканадан казынага салык түшсө, экинчиден сүткө суроо-талап жогорулап, мал кармаган тургундар сүт сатып киреше табат.