Жаңылыктар
Дарыгерлерди жоопко тартууну ата-энелер талап кылышууда
Ден соолук
Дарыгерлерди жоопко тартууну ата-энелер талап кылышууда

Ушул эле Ысык-Көлдөгү облустук оорукананын төрөт бөлүмүнүн дарыгерлерин жоопко тартуу боюнча жергиликтүү үч жаран тийиштүү органдарга кайрылуу жолдошкон. Алардын билдирүүсүндө былтыр март айында төрөлгөн жети ымыркайга тиешелүү деңгээлде көзөмөл болбой, балдар жугуштуу ооруга кабылган. Мындан улам наристелердин ата-энеси балдарын айыктыра албай, акыйкат издеп жүрүшөт. Бизге кайрылган энелердин айтымында, дарыгерлер бул ишти жаап-жашыруу үчүн аларга бир нече ирет акча сунушташкан. Учурда бул иш териштирилүүдө.

Жети-Өгүз районунун тургуну Айчүрөк Гүлжигит кызы былтыр марттын сегизинде көз жарган. Айымдын төрөтү жеңил болгону менен баласынын күнү-түнү ыйы басылбай кыйналган. Бир айга жакын дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, үйүнө чыккан. Баланын кыйналганы үйүнө келгенде көбөйүп, Бишкекке келгенде гана ымыркайдын сөөктөрү ириңдеп жатканы аныкталат. Кичинекей Аруукеге бул илдет төрөт үйүнөн жуккан деп апасы шек саноодо.

Айчүрөк ымыркайына жугуштуу ооруну төрөт үйүнөн жугузуп алганын кийин байкаган. Себеби ал көз жарып жатканда төрөт үйүндө жаткан эки айымдын балдарында да кызыныкындай оору башталат. Кийин Бишкекте жүрүп табышып, барынын дарты бирдей экени билинген. Үч айым 2017-жылы март айынын ортосунда беш кундөн айырма менен көз жарышкан. Азыр үчөөлөп тийиштүү жерлерге кайрылып акыйкат издеп жатышат.

Бишкектен бир сыйра дарыланып кайтышкан эне-бала жергиликтүү доктурларга кайрылып, кетирген катачылыктарын айтышкан. Бирок дарыгерлер өзүлөрүн күнөөлү деп эсептешпейт. Баары талапка ылайык болгон дешет. Бирок эмнегедир катачылыктарын кеч болсо да сезишкенби, айтоор кайра ата-энелерге бир топ акча сунушташыптыр.

Бул иш боюнча дарыгерлердин пикирин угууга мүмкүн болгон жок. Себеби ал доктурлар ушул иш боюнча кызматтарынан четтетилген.