Жаңылыктар
Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда
Өзгөчө кырдаал
Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

27-мартта Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Аны Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 

Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Көк-Бел ашуусунда, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында, Красная-Горка - Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 289-чакырымында, Казарман - Актал-Чат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында, ошондой эле Ийри-Суу тилкесинин 42-44- чакырымдарында, Арал - Суусамыр унаа жолунун 8-21-чакырымдарында, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 45-90, 145-150- чакырымдарында жана Каракол - Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. 

Жолдордун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экенин министрлик эскертет.