Жаңылыктар
Кемероводо аза күтүү күнү жарыяланды
Кырсык
Кемероводо аза күтүү күнү жарыяланды

Кемероводо 3 күндүк аза күтүү күнү. Орусиянын айрым аймактарында да аза күтүлүүдө. Ал арада тилсиз жоонун курмандыктарынын саны 64кө жетти, 50дөн ашуун киши жаракат алды. Көпчүлүгү балдар. 

Бул кырсыкка байланыштуу АКШ, Евробиримдик, Британия, Германия, Кытай, Израил жана башка көптөгөн өлкөлөрдүн өкүлдөрү орус элине көңүл айтууда. Эл аралык Кызыл чырым коомунун орус бөлүмү өрттө набыт болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам берүү үчүн каражат жыйнай баштады. Азырынча өрттүн себеби белгисиз. 

Учурда өрт чыккан жерди тазалоо иштери уланууда. 23 сөөктүн тек жайы аныкталганы, анын сегизи балдар экени кабарланды.