Жаңылыктар
Өрт кызматына карата 6 кылмыш иши ачылды
Кылмыш
Өрт кызматына карата 6 кылмыш иши ачылды

Аскер прокуратурасы өрт кызматына карата 6 кылмыш ишин ачты. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады. 

Учурда Аскер прокуратурасы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы кызматына карата пландык текшерүү жүргүзүүдө. Анда шаардагы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн өрт коопсуздугуна байланышкан уруксат документтери текшерилип жатат. 3 ай ичинде тиешелүү тарап дал ушул маселе боюнча кеткен катачылыктарды таап чыгып, 6 кылмыш ишин ачкан. 

Маалыматтарга караганда, курулуп жаткан үйлөргө өрт-техникалык абалы боюнча оң бүтүм чыгарган мыйзамсыз документтер берилгени аныкталган. Ал Бишкек башкы архитектура менен биргеликте ишке ашырылганы айтылууда.