Жаңылыктар
Чек арадагы абалдын күңгөй-тескейи
Чек ара
Чек арадагы абалдын күңгөй-тескейи

Чек ара кызматынын акыркы берген маалыматына ылайык кыргыз-өзбек чек арасындагы абал туруктуу. Эки өлкөнүн тиешелүү кызматтарынын кечээ кечинде болгон сүйлөшүүлөрүнөн кийин ар бир тарап 8ден аскер адамын калтырышты. 

Учурда кыргыз-өзбек чек арасындагы такталбаган жер тилкесин Чек ара кызматынын күчтөрүнүн гана күчөтүлгөн көзөмөлүндө турат. 

Чек ара аймагындагы коомдук тартипти укук коргоо органдары, жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргузүп жаткан чек арачылар менен биргеликте жүргүзүүдө. Ал эми, мамлекеттик чек арадагы жагдай толугу менен Чек ара кызматынын көзөмөлүндө турат.