Жаңылыктар
Чет элдик жарандарга документтерди алуу иши жеңилдетилди
Кыргызстан жаңылыктары
Чет элдик жарандарга документтерди алуу иши жеңилдетилди

Чет элдик жарандардын жана Кыргызстандын аймагында жарандыгы жок жактардын эмгек ишмердигине уруксат берүүчү документтерди алуу иши жеңилдетилди. 

Аталган чара чет элдик инвестициялардын кошумча көлөмүн тартуу, бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана чет элдик жарандардын ишке орношуудагы тийиштүү документтерди берүүдө паракорлук тобокелчиликтерди азайтуу максатында кабыл алынган. 

Уруксат берүү документтерин карап чыгуу мөөнөттөрү 30 күндөн 14 күнгө кыскарды жана уруксат берүү үчүн керектүү документтердин тизмеси бештен экиге азайды. Андан тышкары, тиешелүү мыйзамдарга ылайык жогорку дасыктагы чет элдик адистер үчүн жумушка орношууга уруксат берүүчү документтин иштөө мөөнөтү 3 жыл болуп каралды. 

Буга чейин өкмөт башчы Сапар Исаков жумушчу кеңешмеде тийиштүү мамлекеттик органдарга чет элдик жарандардын жумушка орношууга уруксат берүүнү жеңилдетүү маселесин иштеп чыгуу үчүн бир катар тапшырма берген.