Жаңылыктар
Кемерово: соода борборунан чыккан өрттөн курман болгондордун саны 70ке жакындады
Дүйнө
Кемерово: соода борборунан чыккан өрттөн курман болгондордун саны 70ке жакындады

Кемероводогу “Зимняя вишня” соода борборунда чыккан өрттөн курман болгондордун саны 70ке жакындады. Тергөө комитетинин маалыматы боюнча дагы 44 адам жабыркап, алардын ону ооруканага жеткирилген. Ал эми 16 кишинин дайыны чыкпай жатат. Алардын арасында Томск шаарынан келген окуучулар жана жаш балдар бар. Издөө иштеринин жыйынтыгында, курман болгон 64 адамдын 58нин денеси табылды.



“Зимняя вишня” соода борбору Кемеровонун борбордук көчөсүндө жайгашкан. Жекшемби күнү күндүз чыккан өрттү атайын кызматтар дүйшөмбү күнү эртең менен гана өчүрө алышкан. Тилсиз жоо 1 миң 200 чарчы метр аянтты жалмап кетти.



Учурда өрт чыккан жайда 660 куткаруучу жана 120дан ашык техника иштеп жатат. Куткаруучулар урандылардын алдында калгандарды издеп жатышат. Өрт бузук же туура эмес туташкан электр чубалгыларынын кесепетинен келип чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу Орусиялык ЖМКлар аймактык техникалык көзөмөл органдарынын маалыматына таянып жазып чыгышты. Бирок, бул бир гана жоромол. 


Атайын өрт коюлушу да мүмкүн. Азырынча так маалымат жок. Изилдөө иштери уланууда. Буга чейин Кемеровонун жергиликтүү бийлиги билдирүү тараткан. Алар балдар ойногон батутка кимдир бирөө чакмак алып келгенден кийин өрт тутангандыгын айтып чыгышкан. Андан сырткары, өрт чыккан учурда имараттын өрттөн кабар берүүчү белгиси да иштебей калган. Бул боюнча да иликтөө иштери жүрүүдө.