Жаңылыктар
Алай: жер көчкү коркунучунда жашап, өмүрүн тобокелге салгандар
Кыргызстан жаңылыктары
Алай: жер көчкү коркунучунда жашап, өмүрүн тобокелге салгандар

Алай районундагы жер көчкү жүрүп кетүү коркунучунда турган аймактарда өз өмүрлөрүн тобокелге салып жашап жаткан жарандарды коопсуз жакка көчүрүү аракетинен майнап чыкпай келет. 


Жаан-чачындуу жаздын келиши менен, жер кыртышынын төмөн көздөй жылмышып жылышуусу орун алат. Мындайда, кандайдыр бир жарака кеткен, же суу жеп кеткен аймактарда кооптонуу жаралат. Тоолуу Алай районунда адам өмүрүнө кооптуу делинген 10 аймак бар. 


Бул жерде 2015-жылдын жазында жанданган көчкү жылып келип, токтоп калган. Мындан айылдагы 22 үй-бүлөнү коопсуз жакка көчүрүү зарылчылыгы келип чыккан. Орун которуудан баш тарткан эки үй -бүлөнүн бири- Абдыкеримовдордун үй-бүлөсү. Өзүн гана эмес, бир үйдөгү 12 адамдын өмүрүн тобокелген салып отурган Тобокел Абдыкеримовго эки жыл мурун мамлекет тарабынан жардам берилген. Кайтарымсыз ссуданы кем-карчысына иштетип алган тургун, эми там салууга каражат таппай отурат. 


Мамлекет тарабынан тийиштүү жардамды алып, бирок орун которбой отурган Алайдын өзүндө 410 үй-бүлө бар экендигин ӨКМдин өкүлү билдирет. Мыйзамга баш ийбеген 13 жаранга карата соттун чечими да чыккан. 


Жардам менен бөлүнгөн жер тилкесин албай, бирок көчүрүлүүгө тийиш болгон үй-бүлөлөдүн саны 97. Алардын катарында, Гүлчөлүктөр да бар. 


Турак жайы кооптуу аймактарга туш келген жарандар үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан “чатырлар шаарчасы” курулду. Күндүн суук мезгилине ыңгайлашкан чатырларга электр жарыгы тартылган. “Жакындарыбыздын өмүрү баарынан кымбат, мында көчүп келип жашайлы “,- деп бир да жан ашыкпагандыктан, тигилген чатырлар азыр бош бойдон турат.