Жаңылыктар
Бишкек: соода борборлорундагы өрт коопсуздугу кандай сакталган?
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек: соода борборлорундагы  өрт коопсуздугу кандай сакталган?

Россиянын Кемерово шаарында эс алуу жайында чыккан өрттөн кийин, кыргызстандыктар биздеги оюн-зоок борборлорунун шарты, өзгөчө балдар ойной турган жайлардын коопсуздугуна тынчсызданууда. Соңку кездери Бишкекте соодо түйүндөрү көп ачылып, ичине балдар ойноочу жайларды кошо иштетүү ыңгайлуу болгону жашыруун эмес. Аларда өрт коопсуздугунун сакталыш эрежелери кандай? 

Акыркы жылдары Бишкекте салынып жаткан имараттардын дээрлик бардыгы экологиялык - техникалык коопсуздук эрежелерин сактап жатканын мекеменин кызматкерлери белгилешти. Жаңы тартип боюнча өрт өчүрүү жабдыктары менен шаймандар ар бир кабатка, ал эмес дубалдын шыбына да орнотулушу кажет. Ошондой эле өрт тууралуу кабар берүүчү белгилер да коюлушу керек.

Кокустан өрт чыкса, көп кабаттуу соода борбордо лифт автоматтык түрдө өчүрүлөт. Эл кошумча эшиктер аркылуу тепкичтер менен сыртка чыгарылат.  Бул - балдар ойноочу жай. Алардын көпчүлүгү соодо борборлорунун эң жогорку кабатынан орун алган. Өрт коопсуздугун камсыз кылууда имараттын жер төлөсү, унаа токтотуучу жайлар да чоң мааниге ээ.

Бишкек шаарында эле 40тай соодо борбор, базар, оюн-зоок жайлары бар. Алардагы коопсуздуктун сакталуусун мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясы текшерет. Бирок алар каалаган маалда эле текшере алышпайт. Мыйзам боюнча жылына бир ирет, Экономика министрлигинин уруксаты менен гана алдын ала эскертүү берилип, текшерүүгө алынат.