Жаңылыктар
Дыйкандар картошканын жаңы сортторунун өстүрүү ыкмаларын үйрөнүп жатышат
Айыл чарба
Дыйкандар картошканын жаңы сортторунун өстүрүү ыкмаларын үйрөнүп жатышат

Жаз келип эл айдап-себүү иштерин жүргүзүүдө. Айрымдар картошканын кээ бир сортторунун үрөнүн Германия, Голландия жана Россиядан алып келүүдө. Аны өстүрүү жана тигүү ыкмаларын дыйкандар Орусиядан келген адистерден үйрөнүп жатышат.


Сарди Шолоэров бала кезинен эле жер иштетүү менен алек. Өсүмдүктүн түрүн эгип, жердин сырын жакшы билет. Былтыр суу тартыштыгы болбогондо мээнети текке кетпей, түшүмдү мол алмак. Быйыл да жергиликтүү бийлик сууну туура бөлуштүрөт деген үмүт менен айдоо аянттарын бир топ кеңейтти.

Агрономдордун маалыматына караганда, Кыргызстанда 30дан ашуун картошка сорту бар. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча 1 жарым млн тоннага жакын картошка өндүрүлгөн. Бул көрсөткүч мурдагы жылдарга салыштырмалуу миң тоннанын тегерегинде гана көп.


Өткөн жылы республика боюнча жалпысынан 83 миң гектар жерге картошка тигилген. Быйыл дыйкандар картошка аянтын кеңейтип, ал ортодо жаңыча ыкма менен багуунун жолдорун үйрөнүп жатышат. Бул үчүн атайын адистер Орусиядан келишкен.

Орусиядан келген адистердин баамында картошканын эзилип кетиши, бышпай калышы же кара тактардын пайда болуусу - бул дыйкандардын гана күнөөсү. Себеби алар башка өлкөлөрдөн алынып келинген жаңы сорттогу үрөндү өздөрүндө болгон эски сорттор менен аралаштырып тигет дагы, натыйжада жаңы менен эски аралашып, эски картошканын жугуштуу оору таркатуучу микробдору жаңы сорттогу картошкаларга жугат.