Жаңылыктар
Диний билим берүү мекемелеринде жалпы илимий сабактарды окутуу мерчемделүүдө
Дин
Диний билим берүү мекемелеринде жалпы илимий сабактарды окутуу мерчемделүүдө

Диний билим берүү мекемелеринде жалпы илимий сабактарды окутуу мерчемделүүдө. Бул тууралуу Ислам билим берүү системасын жакшыртуу жана реформалоо темасында өткөн тегерек үстөлдө айтылды. 


Учурда атайын жана жогорку диний окуу жайларында светтик билим берүү жетишсиз болуп, диний мекемелер берген документтер мамлекет тарабынан таанылбайт. Андан улам диний окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү алган билимин иш жүзүндө толук пайдалана албай калышууда.


Нурали Ниматов учурда борбор калаадагы Шаршенбай уулу Мааткабыл медресесинде билип алып жатат. Ал араб тилине кызыгып ушул окуу жайды тандаганын айтат. Билимин жогорку окуу жайда улантам деген ниети бар.

Бирок, диний окуу жайлардын бардыгында эле маселе минтип жолго коюлган эмес. Өлкө аймагында катталган 104 медресе, 10 ислам институтунун бирине да лицензия берилген эмес. Ага жараша берген документтери мамлекет тарабынан таанылбайт. Мамлекет учурда диний окуу жайларына алгач светтик предметтерди толук киргизүүнү көздөөдө.

Аны менен катар диний билим берүү мекемелеринин окуучуларын республикалык олимпиадаларга тартуу, магистратура, аспирантура, докторантура даражаларын киргизүү зарылдыгы бар. Андан кийин билим берүү жайларынын бардыгын акредитациядан өткөрүп, лицензия берүү маселеси турат.