Жаңылыктар
Кыргызстанда бүткүл дүйнөлүк театр күнү белгиленди
Маданият
Кыргызстанда бүткүл дүйнөлүк театр күнү белгиленди

Бүгүн бүткүл дүйнөлүк театр күнү. Бул датага карата борбор калаада жана жер-жерлерде кыргыз театр ишмерлери маданий иш-чараларды өткөрүштү. Азыр театрга келген элдин саны да көбөйүп, чыгармачыл адамдарга дем берүүдө. 

Күүнүн ыргагы менен ширеле комузда кол ойнотуп жаткан Даниил Турусбеков өзүн театр үчүн төрөлгөнүн айтат. Ал жан дүйнөсүнүн талабы менен театралдык окуу жайга тапшырган.  Бусурман Одуракаев театрга жаштыгын берген өнөр адамы. Ал Кыргызстандын маданиятына эмгеги сиңген инсан. Одуракаев Гамлет, Ромео сыяктуу дүйнөлүк образдарды жараткан.

Бүткүл дүйнөлүк театр күнү - актерлор күтүп тоскон майрам. Бул күнү алар түрдүү образда бири-бирине куттук айтышат. Азыр кыргыз театрынын келкели келип турган чагы. Эл көп каттай баштады. Айрыкча, жаңы спектакль коюлган учурда.

Маанилүү датага карата театр ишмерлери жөө жүрүш өткөрүп, Кыргыз улуттук академиялык драма театрына чейин басып барышты. Аларды кыргыз циркинин кызматкерлери куттуктады.