Жаңылыктар
Курамабыз футбол тарыхында биринчи жолу Индияны утту
Спорт
Курамабыз футбол тарыхында биринчи жолу Индияны утту

Кыргызстан курамасы футбол тарыхында биринчи ирет Индияны утту. Оюн 27-мартта Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы стадиондо болду. Аталган беттеш Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында өттү. Кыргызстан курамасы 2:1 эсебинде жеңишке жетип, күйөрмандарын кубанычка бөлөдү. 

Голдорду Антон Землянухин жана Мирлан Мурзаев киргизди. 

Оюндан соң башкы машыктыруучу Александр Крестинин маалымат жыйынында футболчуларга ыраазы экенин айтты.

"Курама коюлган тапшырманы толугу менен аткарды. Баары берилип ойношту. Ошону менен бирге кемчиликтер да болду. Эми алдыда жолдоштук оюндарды өткөрүүнү мерчемдеп жатабыз".

Кыргызстан курамасы Азя Кубогуна жолдомо алышы менен футбол федерациясы тарабынан 120 миң доллар сыйлык тапшырылды. 

Маалым кыла кетсек, Кубок Азиянын финалдык оюндары 2019-жылы БАЭде өтөт. Чучукулак таштоо аземи ушул жылдын 4-майына белигиленди.