Жаңылыктар
Ошто өз небересин 20 миң сомго саткан аял үй камагына чыгарылды
Кылмыш
Ошто өз небересин 20 миң сомго саткан аял үй камагына чыгарылды

Буга чейин Ички иштер министрлиги өз небересин 20 миң сомго сатып жаткан жеринен чоң эне кармалганын маалымдаган. Кийин наристе 11 күндүк кыз экени белгилүү болуп,аны чоң энеси эмес, таенеси сатканы аныкталган. Ымыркайды туугандары алуудан баш тартышкан. 

Эми ымыркайдын энесинин башка дагы жакындары багып алуудан баш тартышса, бала соттун чечиминин негизинде асырап алууну каалаган үй-бүлөгө берилет. Учурда адам сатууга шектелген тайэне милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, 27-мартта кайра кое берилгени кабарланды. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар. 

Асанбек Пазыл, "Биринчи радио"