Жаңылыктар
Бишкек шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди
Маданият
Бишкек шаарында Нооруз майрамы  салтанаттуу белгиленди

Бишкек шаарында Нооруз майрамы  салтанаттуу белгиленди.   “Ала-Тоо” аянтында шаардыктар үчүн майрамдык концерт тартууланып, оюн-зооктор көрсөтүлдү. Салтанаттуу иш-чаранын расмий ачылышында сөз сүйлөгөн шаар башчысы Албек Ибраимов тургундарды  Нооруз майрамы менен куттуктады. Ал арада эски аянтта кайрымдуулук көргөзмө-жарманкеси дагы уюштурулуп, андан түшкөн каражаттар балдар үйлөрүнө жөнөтүлөрү белгилүү болду.

Нооруз – Орто Азиядагы түрк тилдүү элдеринде  кеңири белгилене турган майрам. "Нооруз" – кыргызчага которгондо "жаңы күн", "жаңы жылдын башы" деген маанини билдирет. Ал эски жыл эсеби боюнча 21-март күнү белгиленет жана күн менен түн теңелет. Ордо калаада борбордук Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамы өзгөчө салтанат менен белгиленип, калаа башчысы Албек Ибраимов шаар  тургундарын жана жалпы кыргыз элин биримдиктин майрамы менен куттуктады. Бул  майрам жан дүйнөнүн тазалыгы жана  аруулануунун майрамы экенин белгилеген калаа башчы, дал ушул 21-марттан баштап  аталарыбыз үрөн сээп жер менен сырдашса, энелерибиз түнү бою уктабай  сүмөлөк кайнатат.

Майрамдык иш чара шаардык мэрия тарабынан жогорку деңгээлде уюштурулган концерт менен башталды. Ай чырайлуу бийчилер чимириле бийлесе, кол ойноткон комузчулар, мукам үндүү ырчылар өз өнөрлөрүн тартуулашты. Кыргыз элинин каада-салты, үрп-адатына ылайык ар кандай оюн зоок уюштурулуп, көрүүчүлөргө сүмөлөк тартууланды.

Майрамдык салтанатка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Бишкек шаарына караштуу 4 райондун акимдери, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев жана башкалар катышты. Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев “Нооруз майрамы баарыбызга ийгилик, тынчтык, өнүгүп-өсүү алып келсин-деген каалоосун билдирип, шаардыктарды майрамы менен куттуктады.

Ала-Тоо аянтындагы иш-чара менен катар эски аянтта өлкөдө жайгашкан дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн көргөзмө-жарманкеси дагы өттү. Көргөзмө-жарманкеге өлкөдөгү 21 элчилик катышып, ар улутка тиешелүү болгон  кол өнөрчүлүк буюмдары, ар бир улутка тиешелүү кийимдер, экологиялык таза азык-түлүктөр, китептер көргөзмөгө коюлган. Жарманкеде ар түрдүү тамак-аштар сатылып, андан түшкөн каражаттар балдар үйлөрүнө жөнөтүлөт. Бул тууралуу билдирген Казакстан элчилигинин өкүлү Динара Жакыпбекова, Кыргызстан элине өз куттуктоосун жолдоду.

Ала-Тоо аянтынан келген шаар тургундары жана коноктор дагы өз каалоолорун билдиришип, кыргыз элине тынчтык жана жакшылыктарды каалап жатышты. Көпчүлүктүн баамында Кыргызстанга азыр тынчтык жана туруктуулук гана керек.

Мындан сырткары майрамдык иш-чаранын алкагында тогуз коргоол жана ордо улуттук оюндары дагы уюштурулуп, аба-ырайы дагы элдин пейилине жараша жылуу болду. Белгилейт кетсек, бул жаз майрамы  эзелтен ата-бабалардан калган майрам болгондуктан аны өзгөртүүгө болбойт, бирок жылдан –жылга аны жакшыртуу аракети көрүлүп келет.

М.Абдраманова,Биринчи радио