Жаңылыктар
Бишкек-Ош унаа жолуна кайрадан чектөөлөр киргизилет
Өзгөчө кырдаал
Бишкек-Ош унаа жолуна кайрадан чектөөлөр киргизилет

Бишкек-Ош унаа жолунда кайрадан чектөөлөр киргизилет. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, каттамга кар көчкү түшүү коркунучу болгондуктан, 30-мартка чейин Чүй облусундагы "Сосновка", Токтогул районундагы "Арал" постунда жана Талас районундагы Өтмөк ашуусунда жол жабылат. 

Тагыраак айтканда, 21:00дөн эртең мененки алтыга чейин унаалардын баардык түрлөрү үчүн жол каттамы жабылат. Таңкы 06:00да кайрадан бардык посттор ачылат. 

Андыктан, жүргүнчүлөргө Бишкек-Ош унаа жолу менен кечке маал алыскы сапарга чыкпоону министрлик эскертти.