Жаңылыктар
Шашылыш билдирүү! Айрым аймактарда суунун деңгээли кескин көтөрүлүшү мүмкүн
Өзгөчө кырдаал
Шашылыш билдирүү! Айрым аймактарда суунун деңгээли кескин көтөрүлүшү мүмкүн

Тынбай жааган жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында суунун денгээли кескин көтөрүлүшү мүмкүн экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү жүрүү коркунучу сакталат.

Ошондой эле, Бишкек - Ош унаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 72-74-чакырымдарында, Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 289-чакырымында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүшү мүмкүн. 

Жолдордун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Ал эм Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында суунун денгээли кескин көтөрүлүшү ыктымал. 

Буга байланыштуу жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл экендигин эскертет министрлик.