Жаңылыктар
Жогорку Кеңеште тарыхый жайлардагы көйгөйлөр талкууга алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку Кеңеште тарыхый жайлардагы көйгөйлөр талкууга алынды

Кыргызстанын айрым археологиялык тарыхый-маданий мурастары  мыйзамсыз казуучулар тарабынан таланып-тонолуп жок кылынууда. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Жогорку Кеңеште “тарыхый-маданий мурастарды коргоо жаатындагы” парламенттик угуу учурунда айтылып, тармактагы көп көйгөйлөр ортого салынды. 

Анда тарыхый-маданий мурас объектилерин табуу, эсепке алуу, коргоо чаралары сыяктуу негизги милдеттер каражаттын тартыштыгынан ишке ашпай жаткандыгы, жергиликтүү бийлик тарабынан көзөмөлдүн жоктугунунан тарыхый жайлар талкаланып, эскирип жатканын да белгилүү болду. Ушу тапта тарыхый-маданий мурастар менен музей экспонаттарынын бирдиктүү маалымат базасы жок. Бул да азыркы замандын “көркоолоруна” шарт түзүүдө. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Сүймөнкул Идирисов,"Биринчи радио"