Жаңылыктар
"Он сегиз жаш" ырынын автору К.Бакашев дүйнө салды
Кыргызстан жаңылыктары
"Он сегиз жаш" ырынын автору К.Бакашев дүйнө салды

Кыргыз маданияты орду толгус жоготууга учурады, жалпы  кыргыз эли сүйүп уккан “Он сегиз жаш, “Кыргыз жери” аттуу ырлардын сөзүн жазган  Кемел Бакашев 82 жаш курагында  дүйнөдөн өттү.  

Кемел Бакашев 1936-жылы  24-июлда Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Ак-Булуң айылында туулган. Каракол шаарындагы педагогикалык институтту бүтүрүп  өмүр бою ошол Ак-Булуң айылындагы Ибрай Туманов атындагы  орто мектепте иштеген. Айылдык интеллигент катары “Ысык-Көл правдасы” гезитинин кабарчысы болуп, Кыргызстан журналисттер жана жазуучулар союзуна мүчөсү  акын  Кемел Бакашевдин  2007-жылы  “Ата Журт жана махабат”, 2010-жылы”Он сегиз жаш” ырлар жыйнагы жана 2011-жылы  “Күү залкары Ыбырай Туман уулу”,  2016-жылы “Өмүр изи” аттуу китептери жарык көргөн. Ырлары орус, якут тилине которулган. Кыргыздын таланттуу уулу көзү өтсө да чыгармалары менен экинчи өмүрү улана берерин  замандаштары айтууда. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Зинакан Кайыпова, “Биринчи  радио”