Жаңылыктар
Теңир-Тоо жергесинде таза суу маселелеси чечиле элек
Кыргызстан жаңылыктары
Теңир-Тоо жергесинде таза суу маселелеси чечиле элек

Теңир-Тоо жергесинде таза суу башкы маселелердин бири бойдон калууда. Облустун Кара-Кужур өрөөнүндөгү Жер-Көчкү айылы түптөлгөндөн тарта эле таза суу жок. 

Мунун кесепетинен ар кандай ооруга туш болгон элеттиктердин саны көбөйүүдө.

Унутта калган Жер-Көчкүдө жалпы жети жүздөн ашык адам жашайт. Акыркы беш жылдан бери эле отузка чукул жаран аливококос оорусун жугузуп, экөө көз жумуптур. Муну адистер суудан жуккандыгын тастыктап беришкен.

Учурда бул айылдын көйгөйү өкмөткө сунушталып, каралып жатат. Маселенин оң жагына чечилишин элеттиктер күткөнү күткөн.
Нарындын эң алыскы айылы Жер-Көчкүнүн көйгөйү унутта калбай, жакын арада элеттиктер таза суу менен камсыз болот деген үмүттөбүз.