Жаңылыктар
Жаандын жаашы табият кырсыктарын алып келиши мүмкүн
Өзгөчө кырдаал
Жаандын жаашы табият кырсыктарын алып келиши мүмкүн

Жаандын көп жаашы табият кырсыктарын жаратышы мүмкүн. Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жергиликтүү бийликтерге кайрылып, суу ташкындарынын алдын алуу үчүн арыктарды тазалоого чакырды.

Жаанчыл аба ырайы жер кыртыштарына да таасир этип, кооптуу аймактарда жер көчкү жүрүшү мүмкүн деген да коркунуч бар. 

Мезгил-мезгили менен жаап жаткан жамгыр жакында токточудай эмес. Синоптиктер туруксуз аба ырайы дагы уланаарын эскертишүүдө.