Жаңылыктар
Өрт коопсуздугу: өткөн жылкы текшерүүдө төрт соода борборунда кемчиликтер аныкталган
Өзгөчө кырдаал
Өрт коопсуздугу: өткөн жылкы текшерүүдө төрт соода борборунда кемчиликтер аныкталган

Республика аймаганда 150гө жакын ири соода борборлору бар. Алардын 96сын былтыркы жылы мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясы текшерүүгө алган. 

Жыйынтыгында 46 юридикалык тарапка өрт коопсуздугу тиешелүү деңгээлде сакталган эмес деп миллион сомго жакын айып салынган. 

Бишкек шаарында 40ка жакын ири соода борборлору бар. Өткөн жылкы текшерүүдө төрт соода борборунда кемчиликтер аныкталган.

Кырсыктан сактануунун эрежелерин так билүү менен аны турмушта пайдалануу үчүн окутуу-машыгууларды да байма-бай өткөрүү пайдалуу болоорун адистер белгилешет.