Жаңылыктар
Дзюдочулар эл аралык мелдешке катышат
Спорт
Дзюдочулар эл аралык мелдешке катышат

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2018-жылга болгон негизги эл аралык жана республикалык мелдештердин календарлык планына ылайык КР дзюдо боюнча улуттук курама кошууну Анталия (Турция) шаарында өтө турган эл аралык мелдешке катышат.

“Гран-При Анталия 2018” аталышындагы эл аралык таймаш 4-апрелден 16-апрелге чейин өтөт.
Улуттук курама кошуун Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланды. Дирекциянын бюджетинен 254 миң сом каралган.