Жаңылыктар
Кара-Үңкүр дарыясы кирип, суу нугунан ашып кетти
Аймак
Кара-Үңкүр дарыясы кирип, суу нугунан ашып кетти

Cуу ташкындоо коркунучунан улам Жалал-Абаддын Базар-Коргон районундагы Сейдикум айыл аймагына өзгөчө кырдаал киргизилди. 28-март күнү Кара-Үңкүр дарыясы кирип, суу нугунан ашып кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аймактагы Кызыл-Ай айылынын МТФ участкасында “Алтын-Була” пахта тазалоочу заводунун аймагын жана 100 жакын турак-жайларды суу каптап кетүү коркунучу жаралган. 

Министрликтин адистери техникалар менен жергиликтүү 30 тургун дарыянын жээгин бекемдешүүдө. Нөшөрдөн улам Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймактарында суу ташкыны жаралышы ыктымалдыгы эскертилүүдө. 

Министрлик мунун алдын алуу үчүн суу каналдарын, дренаждык тармактарды убагында тазалоого чакырды.