Жаңылыктар
Канат Исаевдин иши боюнча тергөө аяктады
Кылмыш
Канат Исаевдин иши боюнча тергөө аяктады

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев жана дагы үч жаранга карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө иштери аяктады. Бул туурасында УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдирди. Анын айтымында, 2017-жылдын 30-сентябрында Канат Исаевге жана анын шериктерине Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмышка даярдануу", "Калайман башаламандык" жана "Бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу" беренелери боюнча иш козголгон. 

Тергөөдө Канатбек Исаев кылмыш дүйнөсүн жана бийлик органдарындагы тааныштарын колдонуу менен бийликти күч менен басып алууну көздөгөнү аныкталды. Бул иш боюнча төрт жаран - Канат Исаев жана анын шериктери кармалып, айыбы уктурулуп, камакка алынган. Учурда козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, айыпталуучулар жана алардын жактоочулары иш менен таанышууда. Эми тергөөнүн жыйынтыгы сотко өткөрүлүп берилет.