Жаңылыктар
Сагызды чектен ашык көп чайноо ден соолукка зыянбы?
Ден соолук
Сагызды чектен ашык көп чайноо ден соолукка зыянбы?

Сагызды чектен ашык көп чайноо ден соолукка зыян. Бул тууралуу чет элдик басылмалар окумуштуулардын чыгарган жыйынтыгына таянуу менен жазып чыгышты. 

Ошондой эле Эдинбургдагы Нейпира университетинин окумуштуулары жүргүзгөн изилдөөдө сагыз адамга ашыкча салмак кошоору да айтылды. Анда изилдөөгө 200дөн ашык киши катышып, алар сагызды күнүнө бир канча ирет чайнашкан. Жарым жыл өтпөй адамдар салмак кошо башташкан. Ал эми 48 адамда түрдүү оорулар аныкталган.

Анткен менен сагыздын тишке гана эмес, тамак аш сиңирүүгө да пайдалуу экени, аны чайнаган сайын ашказан иштеп, тамак тез сиңери барыбызга маалым. Ошондуктан, дарыгерлер күнүнө сагыздын бир даанасын гана чайноого же таптакыр баш тартууга кеңеш беришет.