Жаңылыктар
Жалал-Абад: Базар-Коргон районунун Сейдикум айыл аймагына өзгөчө кырдаал киргизилди
Өзгөчө кырдаал
Жалал-Абад: Базар-Коргон районунун Сейдикум айыл аймагына өзгөчө кырдаал киргизилди

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сейдикум айыл аймагына 28-мартта өзгөчө кырдаал киргизилди. Буга тынбай жааган жамгыр себеп болуп, Кара-Үңкүр дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, турак үйлөрдү каптап кетүү коркунучу күч алган. Азыркы тапта тиешелүү кызматтар жаралган өзгөчө кырдаалды жоюу аракетин көрүүдө. 


Суу нугун тосуп калуу үчүн жергиликтүү эл биринчилерден болуп аракет көргөн. Дарыя жээгине бетондорду алып келип тосушкан. Болбосо суу үйлөрдү каптап кетмек дейт Сагынбек Багышев. Суу нугун башка жакка буруу үчүн ӨКМ менен жеригиликтүү бийлик убактылуу тосмолорду куруп башташты.

Бирок убактылуу суу нугун буруу менен маселе чечилбейт. Эптештирилип коюлган тосмолорду келген суу кайра эле алып кетип, дарыя жээги мурдагы абалына келүудө. Көйгөйдү толугу менен чечиш үчүн 400 метрден ашуун дамбаны тез арада куруу зарылдыгы айтылууда.

Үйлөрдөн сырткары 100 гектардан ашык дыйканчылык аянтын суу жеп кетүү коркунучу курч болуп турат. Былтыр 7 гектар сугат аянтын суу алып кеткен. Күнү-түнү кооптонуп жашап келген айыл эли, мамлекеттен жардам күтүүдө.