Жаңылыктар
Коррупцияга каршы иш-аракеттер президенттин жеке көзөмөлүндө
Коррупция
Коррупцияга каршы иш-аракеттер президенттин жеке көзөмөлүндө

Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы кабыл алынган чаралары ырааттуу түрдө ишке ашырылып, бул багытта укук коргоо жана көзөмөл органдарынын иш аракеттеринде алгачкы жыйынтыктар бар. 


Кыска убакыттын ичинде мамлекеттик кызматкерлер аралашкан ири коррупциялык схемалардын бети ачылып, бул арада күч органдары буга чейин негизсиз токтотулган жана кыскартылган кылмыш иштерин кайра карап чыгуу боюнча көлөмдүү жумуш жасоодо. Ал эми жемкорлукка каршы иш аракеттер президенттин жеке көзөмөлүндө турат.



Коопсуздук кеңеши 8-февралда кабыл алган чечимде коррупцияга каршы конкреттүү 45 иш-чара камтылган. Анын ар бирин ишке ашыруу мөөнөттөрү белгиленип, сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарынын жетекчилерине тийиштүү тапшырма, милдеттер коюлган. Президенттик Аппараттын Маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиеванын айтымында, коопсуздук кеңешинин чечиминин аткарылышы, дегеле коррупцияга каршы күрөштүн алкагында жүрүп жаткан жумуштар толук президенттин көзөмөлүндө.

Коопсуздук кеңешинин катчысы маалыматында, чечимде камтылган коррупцияга каршы күрөш чараларын ишке ашыруунун биринчи бөлүгү соңуна чыкканын билдирген. Бир айлык мөөнөттүн ичинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы акыркы 2 жыл ичинде негизсиз токтотулган жана кыскартылган кылмыш иштеринин санын тактап берди.