Жаңылыктар
Республикада жалпы билим берүү мекемелеринин абалы кандай?
Кыргызстан жаңылыктары
Республикада жалпы билим берүү мекемелеринин абалы кандай?

Өлкөдөгү мектептердин абалы тууралуу коомдук угуу өттү. Буга чейин Булан институту Кыргызстандагы мектеп имараттарынын абалы тууралуу атайын иликтөө даярдаган. Республикада жалпы билим берүү мекемелеринин абалы кандай, мамлекет тарабынан алардын курулушуна каражат бөлүү деңгээли кандай? 

Ушул тапта Кыргызстанда 2 миңден ашык мектеп бар болсо , иликтөөнүн жыйынтыгы авариялык абалдагы 200 гө чукул мектеп бар экендигин далилдеди. Алардын арасында мындан 127 жыл мурда курулган мектеп дагы бар.

Көйгөйлөр менен катар эле Булан институту чынында эле мектеп курууда жандануу бар экенин белгилейт. Мисалы, соңку беш жылда республика боюнча 261 мектеп курулуптур. Ал эми өкмөт былтыр курулат деп убада берген 100 мектептин 77си түптөлдү. Быйыл курулуш департаменти өткөн жылы башталып, бирок токтоп калган мектептерди бүткөрүүгө басым жасап жатат. Анткени республика боюнча алардын саны 200 гө чукул.

Белгилей кетсек март айынын башында Бишкектин Ала-Тоо коунушундагы мектептин пайдубалы чөгүп, кооптуу абалга кептелгенин айткан элек. Мектеп жетекчилиги учурда ремонт иштери аяктоо алдында тургандыгын билдирди.