Жаңылыктар
Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облустарынын кызматташтыгы жанданат
Саясат
Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облустарынын кызматташтыгы жанданат

Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облустарынын кызматташтыгы жанданат. Фергана шаарында уюштурулган жыйынга эки өлкөнүн өкмөт башчылары катышты. Тараптар соода-экономикалык алаканы арттырууну талкуулап, биргелешкен ишканаларды куруу багытында сүйлөшүүлөр жүрдү. 


Кыргызстандын делегациясын Анжиянда облус башчысы Шухратбек Абдурахманов баштаган коңшу өлкөнүн өкүлдөрү тосуп алды. “Достук унаа жол” өткөрмө бекетинен боордоштук маанайды байкоого болот.

Эки өлкөнүн өкмөт башчылары алгач тар курамда жолугушту. Тараптардын мындан аркы алакалары талкууланып, чек-ара кызматташтыгын өркүндөтүү маселеси каралды.

Ал эми кеңири курамдагы отурумду ачып жатып өзбек премьер-министри Абдулла Арипов карым-катыш жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн белгиледи. Кызматташтыктын жанданганын кыргыз тарап да жогору баалайт.