Жаңылыктар
Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунда карды атып түшүрүшөт
Өзгөчө кырдаал
Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунда карды атып түшүрүшөт

Бишкек - Нарын - Торугарт жана Сары-Булак - Соң-Көл унаа жолунун 33-чакырымында карды атайын атып түшүрүү иштери жүргүзүлөт. 

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. 

Аталган жолдордо коопсуздукту сактоо максатында 30-марттан 4-апрелге чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.