Жаңылыктар
Исаков Ак-Буура дарыясынын боюндагы көрсөтмө аянттын ачылышына катышты
Саясат
Исаков Ак-Буура дарыясынын боюндагы көрсөтмө аянттын ачылышына катышты

Премьер-министр Сапар Исаков Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын боюндагы көрсөтмө аянттын ачылышына катышты. Өкмөт башчы мындай аянт Борбор Азияда сейрек кездешкен жай экендигин белгиледи.

Анын курулушу менен Ош шаарынын тургундарына маданий-көңүл ачуучу иш-чараларды өткөрүүчү эс алуу тилкеси пайда болду. Ак-Буура дарыясынын боюндагы көрсөтмө аянттын курулушу 2017-жылдын августунда башталган. Ага 16 миллион 400 миң сом жергиликтүү жана республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Конструкциянын узундугу 60 метр, туурасы 40 метрди түзөт.