Кыргызстанда алкоголдук ичимдикке көз каранды болгон аялдардын саны өсүүдө. Аны Республикалык наркология борборунун директорунун орун басары Татьяна Борисова билдирди. 2017-жылы республика боюнча 100 миң адамдын ичинен 1 миң 368 адам ичкиликке көз каранды болгону аныкталса, бул көрсөткүчтүн саны эки жыл мурун 1 миң 697 адамды түзгөн. Бирок бул расмий каттоодо турганы.
Эксперттер ичкиликке көз каранды адамдардын саны көрсөтүлгөн сандан бир топ жогору болушу мүмкүн экенин айтышууда. Мурунку жылдарга салыштырмалуу, ичкендердин саны азайганы менен аялдар арасындагы ичкиликке берилгендердин саны өсүүдө. Ошондой эле, акыркы жылдары өспүрүмдөр арасында спайс чеккен, клей жыттаган жана башка зыяндуу каражаттарды колдонгон балдардын саны өсүп жаткандыгы айтылат.
Эске салсак, республика боюнча балдар менен иштеген наркологиялык кызмат бир мезгилде эл аралык уюмдун колдоосу менен ачылып кийин каражаттын жоктугунан жабылып калган.