Жаңылыктар
ЖК "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамды кабыл алды
Саясат
ЖК "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамды кабыл алды

Парламент "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамды кабыл алды. Долбоорду Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги сунуш кылган. Ага ылайык, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жөлөкпул алып баштайт. Мындан сырткары, жаңы мыйзам майып балдарга берилүүчү жөлөк пулду көбөйтүү маселесин да камтыган. 

"Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясын былтыр Карамат Орозова, Аида Касымалиева баштаган депутаттар тобу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен чогуу иштеп чыккан. 

Аны 2017-жылы парламент кабыл алып, президент кол койгон. Документ быйыл 1-январда күчүнө кирүүгө тийиш болчу. Бирок өкмөттүн "документте оңдоого муктаж жана кошумча изилдей турган жоболор бар" деген өтүнүчү менен Жогорку Кеңеш анын ишке кирүү мөөнөтүн 1-апрелге чейин узарткан. Учурда Кыргызстан боюнча 298 миң бала жөлөк пул алат.