Жаңылыктар
Ажылык сапарга аттана тургандардын төлөмдөрүн кабыл алуу башталды
Дин
Ажылык сапарга аттана тургандардын төлөмдөрүн кабыл алуу башталды

Ажылык сапарына аттануу үчүн катталган жарандардын төлөмдөрүн кабыл алуу башталды. Аны Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдирди. Быйыл ажылык сапарга кетүүчү каражат ар бир адамга 2 миң 890 долларды түзөт. 

Ажылыкка аттангандар тизмеге туруу үчүн документтер менен бирге 500 доллар төлөп, андан кийин калган 2 миң 390 долларды 13-апрелге чейин которушу керек. 

Бирок, Баткен жана Ош облустарынын айрым райондорунда каалочулар көп болгондуктан, жарандар тизме такталгандан кийин гана төлөмдөрдү которо алышат. Белгилей кетсек, 2018-жылы ажылык сапар үчүн Сауд Аравиясы Кыргызстанга 5 миң 400 орун бөлүп берген. Ал эми ажылыкка баруу үчүн өлкөдө 7 миңден ашуун адам катталган.