Жаңылыктар
С.Жээнбеков 3 мамлекеттин элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды
Саясат
С.Жээнбеков 3 мамлекеттин элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков Германиянын, Түркиянын жана Казакстандын элчилеринен Ишеним грамоталарын кабыл алды. 

Өлкө башчысы элчилер менен болгон жолугушууда, Кыргызстанда ишин баштап жатканына байланыштуу аларга ийгилик каалап, өлкөлөр ортосунда мамилени чыңдоого жана кызматташууну өнүктүрүүгө болгон аракетин жумшайт деген ишенимин билдирди.  

Элчилердин ар бирин ардак кароол ак үйдүн алдында салам айтып тосуп алышты. Өлкө башчысына ишеним грамотасын алгач Германиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Моника Иверсен тапшырды. 

Элчи менен болгон баарлашууда Сооронбай Жээнбеков жолугушууга кубанычта экенин билдирип, Кыргызстан үчүн Германия менен болгон кызматташуу олуттуу жана артыкчылыктуу мааниге ээ экенин белгиледи. 

Ишеним грамотасын кызматка жаңы дайындалган Түркиянын Кыргызстандагы элчиси да тапшырды. Сооронбай Жээнбеков Женгиз Камиль менен дагы өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын келечеги тууралуу пикир алмашты. Президент элчини куттуктоо менен бирге, жакын арада Түркияга жасалчу расмий визити тууралуу айтты. 

Казакстандын Кыргызстандагы элчиси да жакында эле жаңы дайындалды. Өлкө башчысына ишеним грамотасын тапшырган соң Сооронбай Жээнбеков менен Карим Кокрекбаевдин да маектештүүсү орун алды. Президент элчи менен жылуу учурашып, эки өлкөнүн ортосунда акыркы кезде түзүлгөн мамилесине токтолду. 

Сооронбай Жээнбеков дипломатиялык миссиялардын башчыларынын иштерине ийгиликтерди каалап, алардын ишмердиги өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты жана байланыштарды бекемдейт деген ишеничин билдирди. Өз кезегинде элчилер дагы Кыргызстан менен өз өлкөлөрүнүн ортосундагы достук байланыштарды тереңдетүүгө өбөлгө түзүүгө даярбыз деп ишендиришти.