Жаңылыктар
Кыргызстанда ичүүчү суу маселеси качан жоюлат?
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда ичүүчү суу маселеси качан жоюлат?

Бишкекте өлкөдөгү суу менен камсыздоо секторун өнүктүрүүнүн орчундуу маселелери талкууланды. Эл аралык суу ресурстарынын күнүнө арналган иш-чарада айыл чарба санитариясы, аймактарды таза суу менен камсыздоо көйгөйлөрү көтөрүлдү. Ошондой эле донорлор жана эл аралык уюмдардын каржылоосунда ишке ашырылып жаткан долбоорлор жөнүндө сөз болду. Суу башында турган Кыргызстанда ичүүчү суу маселеси качан жоюлат? 

Кыргызстан суунун кору боюнча алдыңкы мамлекеттердин катарында турганы менен ичүүчү суу боюнча, өзгөчө элет жеринде көйгөйлөр көп. Мындай билдирүүлөр ордо калаада өткөн калкты таза суу менен камсыздоого багытталган жыйында айтылды.

Адистер белгилегендей, калктын көбүн 2023-жылга чейин таза суу менен камсыз кылуу аракеттери көрүлүүдө. Бул үчүн атайын “Ала-Тоо булагы” мамлекеттик программасы ишке киргизилди.

Учурда программанын алкагында Чүй жана Ош облустарында донорлук уюмдар каржылаган эки долбоор ишке ашууда. Алардын бири 20 миңден ашык жашоочусу бар Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айыл өкмөтү. Мында таза суу 2000-жылдардан бери чоң көйгөй болуп келген. Эми маселе колго алынып, калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча жүрүп жаткан иштер дээрлик 42%га бүткөрүлдү.

Азырынча “Ала-Тоо булагы” программасына Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Чүй облустары кирген. Алдыда Кыргызстандын бардык аймактарын киргизүү мерчемделген.