Жаңылыктар
Башкы прокуратура кыскартылган кылмыш иштерине текшерүү жүргүздү
Кыргызстан жаңылыктары
Башкы прокуратура кыскартылган кылмыш иштерине текшерүү жүргүздү

Башкы прокуратура акыркы бир ай ичинде 1 жарым миңге жакын токтотулган жана кыскартылган кылмыш иштерине текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын өкүлдөрү билдиришти. Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, көзөмөл орган жарандардан келип түшкөн арыздар менен иштөө жана прокуратура кызматкерлерине талапты күчөтүү боюнча жумуштарды активдештирди.

Коопсуздук кеңешинин чечиминде Башкы прокуратурага негизги милдет катары - буга чейин токтотулган жана кыскартылган кылмыш иштерине текшерүү жүргүзүп, анын себебин, мыйзам бузулган учурларды аныктап, тиешелүү кызмат адамдарына чара көрүү камтылган. Ага ылайык, акыркы бир ай ичинде башкы көзөмөл органы 1 жарым миңге жакын токтотулган жана кыскартылган кылмыш иштерине текшерүү жүргүздү. 

Башкы прокуратура коррупцияга каршы аракеттер боюнча өткөн жылдагы жыйынтыгын да чыгара келген. 2017-жылы прокуратура органдары паракорчулкка каршы багытта 2030 текшерүү жүргүзүп, 2200дөн ашык прокурордук акт түзүлгөн.

Башкы көзөмөл органы коррупцияга каршы аракеттердин негизинде ички иликтөө иштерин да жүргүзгөн. Статистикага таянсак, өткөн жылы прокуратура органдарынын кызматкерлери тарабынан мыйзам бузулганы боюнча 122 кайрылуу келип түшкөн. Анын жыйынтыгы менен 12 тиешелүү кызмат адамы дисциплинардык жоопкерчиликке тартылып, 4 материал кызматтык иликтөө үчүн Башкы прокуратуранын этика комиссиясына жөнөтүлгөн.

Коопсуздук кеңишинин чечимине ылайык, башкы прокуратура мындан ары дагы үч ай сайын маалымат жыйынын өткөрүп, аткарылган иштердин жыйынтыгын жарыялап туруусу керек. Мындан сырткары аларга жарандардан келип түшкөн арыздар менен иштөө жана прокуратура кызматкерлерине талапты күчөтүү боюнча тапшырма, милдеттер жүктөлгөн. Адистер коррупцияга каршы күрөштө ачык айкындык маанилүү ролго ээ экендигин белгилешет.

Башкы прокуратура маалымат жыйында, Бишкек жылуулук борборундагы кырсык фактысынын негизинде козголгон кылмыш иши, Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекция боюнча кылмыш ишинин жанданышы, мурдагы транспорт министри Нурлан Сулаймановго карата кылмыш ишинин токтогону жана коррупция боюнча айып тагылган Жогорку Кенештин депутаттары Исхак Пирматов жана Музаффар Исаков боюнча маалымат беришти.