Жаңылыктар
Борбор калаада Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаада Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өттү

Борбор калаада Кыргыз Республикасынын баатыры, залкар манасчы, дастанчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өттү. Мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илимпоздор, манас таануучулар жана изилдөөчүлөр катышкан иш-чарада кытайлык залкар манасчынын вариантында айтылган "Манастын" өзгөчөлүктөрү талданды. Ошондой эле "Залкар манасчы Жусуп Мамай" аталышында китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. 

Кытайлык кыргыздардан чыккан залкар манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдык мааракеси республикалык деңгээлде белгиленип, кайталангыс өнөр ээсинин урматына жер-жерлерде жыйындар, илимий конференциялар өткөрүлүп жатат.

Жусуп Мамайдын өмүр бою жүргүзгөн чыгармачыл ишмердиги, манасчылык өнөрүн кастарлап, урпактарга калтырган иш аракети бизде гана эмес, коңшу Кытайда да жогору бааланып, 100 жылдык мааракесине утурлай бир катар иш-чаралар мерчемделген.

Манастын сегиз урпагына чейин айткан Жусуп Мамай 1918-жылы Кытайдын Ак-Чий аймагындагы Меркеч айылында төрөлгөн. Ал 6 жашында молдодон билим алып, кат сабатын жойгон. Жусуп Мамайдын манасчылык өнөрдү аркалап калышына анын бир тууган агасы Балбайдын салымы чоң болгон. Ал инисинин акындык жөндөмүн байкап, Манас айтуунун ыкмасын үйрөткөн. Ошентип Жусуп Мамай 1932-жылы биринчи жолу эл алдына чыгып, манас айтып таанылган. Жусуп Мамайдын манасчылык өнөрүн изилдеген окумуштуулардын баамында анын вариантында окуялардын берилүү тартиби менен жер-суунун аттарындагы айырмачылыктар даана көрүнүп турат. Ошондой эле, баатырдыкты даңазалоочу эпикалык пафос толук сакталбаса да берилип, турмуштук окуялар басымдуу айтылат.
Анын айткан варианттары кагаз бетине түшүрүлүп, 200 миңден ашык ыр сапты камтыган 18 томдук китеби басылып чыккан.

Жусуп Мамайдын дагы бир өзгөчөлүгү - анын жазма манасчылыгында. Ал эпосту жөн гана айтпастан, кагазга да түшүрүү иштерине жигердүү катышкан. Ошондой эле, эл арасында Жусуп Мамай манас айткан эмес, жазгыч гана манасчы болгон деген имиштер айтылып жүрөт. Бирок мунун залкар манасчы болгонун тастыктай турган архивдик материалдар бар.

Табият берген таланттын ээси Жусуп Мамайдын өнөрү океанга тете. Ал "Манас" эпопеясын жазып берүү менен гана чектелип калбастан, "Толтой", "Багыш", "Эр Төштүк", "Курманбек", "Кыз Сайкал" сыяктуу кичи эпосторду дагы жараткан. Кыргыз Республикасынын Эл баатыры, кытайлыктардын "Тоо гүлү" деген атактуу сыйлыгынын ээси Жусуп Мамай Кыргызстанга эки ирет келип кеткен. Эки элдин ортосундагы маданий байланышты бийик деңгээлге чыгарган кайталангыс өнөр ээси 2014-жылы дүйнөдөн кайткан.