Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков футболчулар менен жолукту
Спорт
Сооронбай Жээнбеков футболчулар менен жолукту

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчулары менен жолугушту. Мамлекет башчысы команданы 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өтүүчү Азия кубогуна жолдомо жеңип алышы менен куттуктап, спортчуларга бул ийгилиги үчүн ыраазычылык билдирди. 

Президент футболисттер, аларды маанилүү оюндарга даярдаган машыктыруучулары, спорт дарыгерлери дагы ыраазычылыкка татыктуу экенин айтты. Ал тарбиялануучуларына бүт жан-дилин, билимин, эмгегин жана тажрыйбасын жумшаган башкы машыктыруучу Александр Крестининдин өзгөчө салымын белгиледи. 


Сооронбай Жээнбеков спортчуларга ийгиликтерди каалады. Президент футбол боюнча Кыргызстандын курама командасына 1 миллион сомго сертификат тапшырды жана мамлекет спортчуларды ар дайым колдойт деп ишендирди.

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын машыктыруучусу Александр Крестинин, Кыргызстан Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов, Футбол федерациясынын биринчи вице-президенти Аскар Салымбеков жаңы ийгиликтерге жетишүү менен Кыргызстанда футбол бийик деңгээлге көтөрүлүп, спортчуларга карата талап да кыйла катуу боло баштаганын белгилешти. 


Ошондуктан эми улуттук курама команда мамлекеттин колдоосуна муктаж. Команданын оюнчулары болочоктогу маанилүү таймаштарда сөзсүз жакшы натыйжаларга жетишебиз деп Президентти ишендиришти жана ага футбол тобун жана Футбол федерациясынын белгилери тартылган сүрөттү тартуулашты. Жогулушуунун соңунда катышуучулар эстеликке сүрөткө түшүштү.