Жаңылыктар
Сузактагы рейдде мас абалда жүргөн 6 адам кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Сузактагы рейдде мас абалда жүргөн 6 адам кармалды

31-мартта ар улуттун өкүлдөрү жыш жашаган 300 миңге жеткен калкы бар Сузак районунда «Беспризорник» аталыштагы рейд өткөрүлүүдө.

Маалым болгондой, Сузак районунун борборунда ар жуманын бешинчи күнүндө дүң соода сатык жүргүзүлөт. Ошол учурда башка район шаарлардан келген өспүрүмдөр селсаяктык кылган учурлар кездешет. Ошондой эле, жашоо шарттары кризисттик абалда болгон, мектепте билим алууга тартылбай калган өспүрүмдөрдү аныктоо максатында өспүрүмдө менен иштөө инспексиясы тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

«Рейд алкагында милиция кызматкерлери тарабынан 64 мектеп, каттоодо турган 113 өспүрүмдөр текшерилди. Ошондой эле, соода сатыкка чыккан 8 өспүрүм кармалып, алардын 5сү жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспексиясынын комиссиясына өткөрүлүп берилди.

Мында тышкары коомдук жайда мас абалда жүргөн 6 жаран кармалып, аларга карата тиешелүү протоколдор тузүлдү. Ал эми ЖККК тарабынан жол эрежеси бузуу боюнча 11 факты катталды», - деп айтылат маалыматта.