Жаңылыктар
Бишкекте өткөрүлгөн улуттук ат оюндары
Спорт
Бишкекте өткөрүлгөн улуттук ат оюндары

Нооруз майрамына карата Бишкектеги “Аккула” ат майданында улуттук оюндун түрлөрү боюнча мелдеш болду. Жыл сайын жаз майрамына арналып ат чабыш, улак тартыш жана башка оюндун түрлөрү боюнча таймаш өтүп келет.

Бул ирет уюшулган иш-чарада күз айында өтө турган көчмөндөр оюнуна дагы мыктылар улуттук оюндардын салбурун, көк-бөрү, эр эниш жана ат чабууунун финалдык беттешинен тандап алынды.

Белгилей кетсек, Көк-бөрүнүн финалында Чүй облусунун курама "Сары-Өзөн" командасы Оштун курамасы "Достук" менен беттешип, байгеге ээ болду. Кызуу өткөн оюнга баш байге 300000 сом жана БМВ 5Х үлгүсүндөгү унаа коюлду.


"НООРУЗ-2016" КӨК-БӨРҮ БОЮНЧА ТУРНИРИ