Жаңылыктар
Съездбекова Айжан шахмат боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды
Спорт
Съездбекова Айжан шахмат боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды

Таиландда өтүп жаткан балдар арасындагы шахмат боюнча Азия чемпионатында 8 жаштагы Съездбекова Айжан алтын медаль утуп, Азия чемпиону аталды.

Бул жөнүндө кичинекей Айжандын атасы Съездбек Таштекеев Фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды:

"Айжан кызым 6 жашында Монголия мамлекетинин Улан-Батор шаарында откон шахмат боюнча Азия биринчилигинде шахматтын классикалык турунон КУМУШ медаль тагынган, бугун Айжан Таиланд мамлекетинде откон Азия биринчилигинде 8 жашка чейинки куракта шахматын (рапид) турунон АЛТЫН медаль тагынды. Куттуктайм алтын кызым, СЫЙМЫКТАНАМ!!!"

Айжан, сиз менен бүткүл Кыргызстан сыймыктанат азаматсыз! Алдыда дагы албан-албан ийгиликтерди каалайбыз, өмүрлүү болуңуз!