Бишкек шаарында эл ташыган кичи автобустардын иш таштап, шаар тургундарына ыңгайсыздык жаралганы боюнча күч органдары иликтөөнү баштады.
Бул боюнча Бишкек мэриясынын транспорт башкармалыгынан билдиришти.
Маалымдалгандай, алар камсыздандыруу полистерин киргизүүгө нааразы.
Анын өлчөмү жылына ар бир жүргүнчү отургучу үчүн 150 сомду түзөт.
Анын үстүнө, камсыздандыруу полистерин алуу талабы 1 ай мурун эле айтылган, көпчүлүктөр аны алууга жетишкен жок, дешет айдоочулар.
Эске салсак, 1-апрелден тартып камсыздандыруу полистерин албагандар 500 сом айыпка тартылат.