Жаңылыктар
Бишкекте тойдон уулангандардын саны 150дөн ашты
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте тойдон уулангандардын саны 150дөн ашты

Бишкекте тойдон уулангандардын саны 150дөн ашты. Ордо калаадагы “Ала-Тоо” ресторанында 31-мартта болгон тойдон кийин ууланып, ооруканага кайрылгандардын саны өсүп жатат.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, кайрылгандардын 53ү ооруканага жаткырылды. Алардын 10у Чолпон-Ата шаарындагы бейтапканада жатат. 

31-мартта Ош, Ысык-Көл, Нарын жана Жалал-Абад аймактарынан келген 200дөй адамдын катышуусунда үйлөнүү той өткөн. Ага баргандар жана ал жерден кешик алып кеткендер тоок этинен ууланган деген божомол бар. Ресторандын ээлери уулануу боюнча үн каткан жок. Учурда текшерүү жүрүүдө. 

Бишкек шаардык санитардык эпидемиологиялык башкармалыгына материалдардын баарын чогултуп берүү тапшырмасы берилди. Санитардык эрежелерди бузгандыгы үчүн ресторандын жетекчилигине протокол түзүлүп, тойкана убактылуу жабылды.