Жаңылыктар
Кыргыз драма театры Индия элинин даңазалуу “Рамаяна” эпосун сахналаштырды
Маданият
Кыргыз драма театры Индия элинин даңазалуу “Рамаяна”  эпосун сахналаштырды

Т.Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрында  "Рамаяна" спектаклинин бет ачары өттү. Спектаклди театрдын көркөм жетекчиси Назым Мендебаиров сахналаштырган.                                                      

Индия элинин даңазалуу “Рамаяна” аттуу эпосунун негизинде драманы акын, драматург Бактыгүл Чотурова жазган. Аталган спектакль Индия элинин маданиятын, ошол эле учурда адам баласынын туюмунда өлбөс-өчпөс темаларга арналган сүйүү, ак менен каранын кармашы, пендечилик көрө албастык сыяктуу көйгөйлөрдү козгойт. 

Спектаклдин башкы каармандары кыргыз театр маданиятынын жаш, таланттуу актер актрисалары, башкача айтканда “Дарак ыры” аттуу тасманын башкы каарманы Өмүрбек Израилов Рама аттуу башкы каармандын образын жаратса, Сита аттуу Раманын түгөйүнүн образын жаш актриса Мадина Талипбек  жараткан.