Нооруз майрамы
Эски жыл эсеби боюнча 21-март күнү белгиленет
Нооруз- Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн жана Орто Азия элдеринин кеңири белгилене турган негизги майрамдарынын бири. Эски жыл эсеби боюнча 21-март күнү белгиленет. Бул күнү күн менен түн теңелет. Кыргызстандын аймагында 1925-жылдан баштап 1991-жылга чейин расмий белгиленген эмес. Эгемендикти алгандан кийин гана кеңири майрамдала баштаган.
Майрамдын тарыхы

Нооруз майрамынын тарыхы биздин заманга чейинки VII-VI-кылымдарга барып такалат. Нооруз майрамы ошол доордо жашаган Зороастризм дининин негиздөөчүсү Заратуштранын диндик көз карашына байланыштуу болгону айтылат. "Нооруз" "Жаңы жыл" же "Жаңы күн" деп которулат. "Нооруз" деген сөз байыркы фарс тилинен "науризи" деген сөзүнөн алынып, бизче "нау"- "жаңы", "рузи"-"күн" деген маанини билдирет. Бирок эл ичинде буга чейин "Нооруз"- жаз майрамы, жаздын келиши жана жаңы жылдын башталышы деген түшүнүктөр да жашап келген. Бул майрамдын мекени Иран. Кийинчирээк бул майрам Борбор Азиядагы элдерге да жайылган.

Ноорузду көптөгөн өлкөлөр майрамдашат
Нооруз майрамы ар бир улутта ар кандай аталат. Навруз, Новруз, Нуруз, Невруз, Наурыз. 20 ашуун өлкө майрамдайт- Орто Азия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө Азербайжан, Ооганстан, Албания, Босния жана Албания, Грузия, Индия, Иран, Ирак, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан, Монголия, Пакистан, Кытай, Орусия (Башкортостан, Дагестан, Татарстан жана башка аймактар). Борбор Азия мамлекеттеринде бул күн расмий дем алыш күнү деп жарыяланып, чоң салтанат менен белгиленип келет. БУУнун башкы ассамблеясы 21-мартты эл аралык Нооруз күнү деп жарыялаган. 2009-жылы ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилген.
Майрамдык дасторкон
Адаттагындай эле, майрамда дасторконго да өзгөчө көңүл буруулуп, даамдуу улуттук тамактар жана таттуулар менен даярдалат. Дасторконго жети түрдүү даамдан турган тамактарынын берекеси даярдалат. Нооруз дасторкону ар бир үй-бүлөдө өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жана улуттук өзгөчөлүктөрүнө жараша болот. Жыл ажыратыш күнүнө карай арпа, буудай, жүгөрү өндүрүшүп, аны сокуга түктөшүп, акталган данынан чоң көжө жасашкан.
Сүмөлөк
"Сүмөлөк"- Ноорузда майрамдык дасторконго коюлуучу негизги тамак болуп эсептелелет. Ал өндүрүлгөн буудайдан, өсүмдүк майынан жана буудай унунан жасалат. Салтка ылайык, сүмөлөктү Нооруз алдындагы түнү бышырышат, адата бир канча үй-бүлө биригип, башында улуу адамдар болушу шарт деп айтылат. Себеби,алар сүмөлөктү жасоо процессинде баш-көз болуп, анын ойдогудай толук бышышыш көзөмөлдөшөт. Отту өтө күчтүү жакпастан, бир калыпта жагып, бышкыча улам-улам аралаштырып жатып, ар ким ичиндеги ой –тилектерин айтса, анын бул ойлору ишке ашат деген ишеним бар. Сүмөлөк бышкан соң, казандын бетин ачканда, "сүмөлөктүн бетине Теңир бир белги таштайт" деп сүмөлөктүн бетиндеги чиймелерди жакшылыктарга жоруп, тилек айтышат. Сүмөлөктү эртең менен кашык менен эмес, чыпалактын учу менен илип ооз тийиш керек, ошондо гана тилегин орундуалат деп айтышат.


Мындан тышкары, бул майрам улуттук оюндарсыз, музыкасыз, бийсиз өтбөйт. Жаштар, улуу муундагы адамдар мыкты улуттук кийимдерин кийишип, ар түрдүү кооз жасалгаларды тагынышат. Ноорузга байланыштуу каада-салттардан тышкары элдик фольклордук ыр-күүлөр жаңырып, улуттук ат оюндары, спорттук мелдештер уюштурулат.

Жылнаама
14-15-кылымда түзүлгөн бул жылнаама ушул күнгө чейин өз маанисин жоготпой, сакталып келет. Мында Нооруз майрамы жуманын кайсы күнүнө туура келгенине карап жылдын кандай болоорун билсе болот.
Дүйшөмбү
Нооруз дүйшөмбүдө келсе, ал күн Айга таандык. Жамгыр көп жаап, эгин көп болот. Жамгыр жыл башында жаайт. Жыл аягында кар эрте түшүп, бирок тез эле ээрип кетет.
Бейшемби
Бул күн Венерага таандык. Бул жылы өлкө башындагылардын абалы кыйындашы ыктымал. Жамгыр көп жаап, катуу суук болушу мүмкүн. Бул жылы арзанчылык болот, жер-жемиш, буудай, таруу көп болот. Эгин кеч бышып, өлүм житим аз болот.
Шейшемби
Бул күн Марска таандык. Эгин мол болуусу күтүлөт, бирок кан төгүлүп, элден ырайымдуулук качат. Ажырашуу, түшүнбөстүктөр көп болот. Бул жылы эрте айдалган эгин жакшы болуп, чакан жерлерге айдалаган жашылчалар аз болуусу күтүлөт. Кар аз жаашы ыктымал. Жыл аягында көп сел болуп, адам баласы көп чыгымга учурашы мүмкүн.
Ишемби
Нооруз ишембиге келсе ал Сатурнга таандык. Бул жылы ушак сөз менен шек саноо көп болот. Жаз айларында шамал көп согуп, аба ырайы жамгырлуу болот. Жер-жемиш көп болгону менен жыл аягында каатчылык каптаар, деп божомолдошкон.
Шаршемби
Бул күн Меркурийге таандык. Жыл ичинде каатчылык өкүм сүрөт. Ушак-айың, көрө албастык көп болот, бирок тез эле өтүп кетет. Бул жылы жашылча көп болот деген ишеним бар. Жыл аягында буудай, арпа кымбаттайт.
Жекшемби
Нооруз жекшембиде келсе, ал Күнгө таандык, бул жылы арзанчылык болуп, токчулук өкүм сүрөт. Ушак жаманчылык аз болуп, буудай мол болот. Өлүм- житим азаят.
This site was made on Tilda — a website builder that helps to create a website without any code
Create a website