Жаңылыктар
Жалал-Абад: ынтымак чакырган ырыстуу майрам
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад: ынтымак чакырган ырыстуу майрам

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда Нооруз шаңы көпчүлүктү майрамдык маанайга бөлөдү. Бир канча күндөн бери райондун коңшу Өзбекстан менен чектешкен аймагында чукул кырдаал түзүлсө да Нооруз адаттагыдай элдик майрамдоо менен коштолду. 

Район борборунда уюштурулган салтанатка бардык айылдардын тургундары чогулуп, кыргыздын улуттук тамак аштарынын көргөзмөсү, ат оюндары боюнча мелдештер өттү. Аксылыктардын Нооруздагы маанайына кабарчыбыз Осмон Уламсадыров да жеринде күбө болду.