Жаңылыктар
Рязанда болгон жол кырсыгында Кыргызстандын сегиз жараны оор жаракат алып, ооруканада
Кырсык
Рязанда болгон жол кырсыгында Кыргызстандын сегиз жараны оор жаракат алып, ооруканада

Россиянын Рязань облусунда болгон жол кырсыгында Кыргызстандын сегиз жараны оор жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. 

Жол кырсыгы 1-апрелде М-5 трассасынын 377-чакырымында болгон. Маалыматка ылайык, Honda кичи автобусу Мордовиядан Москвага баратып жол боюндагы түркүктү сүзгөн. 

Кесепетинен сегиз адам жаракат алып, алардын бардыгы Кыргызстандын жараны экени аныкталды. Азырынча жабыркагандардын абалы оор, айрымдарына операция жасалды.